Site icon Reporter.kg

Кыргызстандык окуучу эл аралык олимпиададан коло медаль тагынды

Кыргызстандык окуучу эл аралык олимпиададан коло медаль тагынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка караганда, Жусуп Баласагын атындагы Токмок лицейинин 11-классынын окуучусу Решетников Иван 57-Эл аралык Менделеев химия олимпиадасында коло медаль тагынды.

Менделеев химия олимпиадасы 30-апрелден 7-майга чейин Астана (Казахстан) шаарында өттү. Ага Кыргызстандан алты окуучу катышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version