Кыргызстандык окуучу эл аралык олимпиададан коло медаль тагынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашты.
Маалыматка караганда, Жусуп Баласагын атындагы Токмок лицейинин 11-классынын окуучусу Решетников Иван 57-Эл аралык Менделеев химия олимпиадасында коло медаль тагынды.
Менделеев химия олимпиадасы 30-апрелден 7-майга чейин Астана (Казахстан) шаарында өттү. Ага Кыргызстандан алты окуучу катышкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз