Кыргызстандык окуучулар информатика боюнча Азия олимпиадасында алгачкы жолу алтын медаль утушту

Кыргызстандык окуучулар информатика боюнча Азия олимпиадасында алгачкы жолу алтын медаль утушту

Кыргызстандык окуучулар 17-18-майда Өзбекстанда өткөн информатика боюнча 19-Азия-Тынч океан олимпиадасында (Asia-Pacific Informatics Olympiad – APIO) бир алтын жана бир күмүш медаль утуп алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Олимпиадага Азиянын 36 өлкөсүнөн келген 200дөн ашуун окуучу катышкан.

Кыргызстандын атынан олимпиадага 6 окуучу онлайн форматта катышышкан. Жыйынтыгында, Бишкектеги Газпром-Кыргызстан мектебинин 9-классынын окуучусу Бобрус Ян алтын  медаль, ал эми Муратбек Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 9-классынын окуучусу Кадыров Адилхан коло медаль алды.

Ошондой эле 4 окуучу сертификат алды:

  • Карыпжанов Нурислам, 10-класс, «Сапат» ББМ;
  • Айдарбеков Алихан, 11-класс, Сейтек STEM;
  • Лебиев Абдульазиз, 11-класс, Сейтек STEM;
  • Жаникеев Саид, 9-класс, А. Молдокулов атындагы № 5 УИТМЛ.

«Бул Кыргызстандын APIO тарыхындагы биринчи алтын медалы. Буга чейин Кыргызстан 2 күмүш жана 10дон ашуун коло медаль алган»,- деп билдирди министрлик.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>