Кыргызстандык окуучулар киберкоопсуздук боюнча олимпиадада медаль алышты

Кыргызстандык окуучулар киберкоопсуздук боюнча олимпиадада медаль алышты

Кыргызстандык окуучулар Сингапурда өткөн Эл аралык киберкоопсуздук олимпиадасынан (ICO 2025) коло медаль жеңип алышты

2025-жылдын 22-июнунан 28-июнуна чейин Сингапурда өткөн Биринчи Эл аралык киберкоопсуздук олимпиадасына (ICO 2025 Singapore) 27 өлкөдөн 135 таланттуу өспүрүм катышты. Кыргызстанды беш мыкты мектеп окуучусунан турган команда өкүлчүлүк кылды.

Олимпиадага катышкан 5 окуучунун экөө коло медаль жеңип алды. Алар:

Айпери Акжолтоева – Ысык-Көл облусундагы Зияш Бектенов атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу.

Исхак Тажибаев – Бишкектеги «Кутбилим» билим берүү комплексинин 11-классынын окуучусу.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>