Кыргызстандыктар жыл башынан бери 3,4 млрд сомду ипотека насыясы үчүн алышкан

Кыргызстандыктар жыл башынан бери 3,4 млрд сомду ипотека насыясы үчүн алышкан

Ушул жылдын январь айынан август айына чейин кыргызстандыктар 3,4 миллиард сомду коммерциялык банктардан ипотека үчүн алышкан. Мындай маалыматтар республиканын Улуттук банкы тарабынан берилген.

Августтун аягында бардык иштеп жаткан коммерциялык банктардын ипотека портфели 13,8 млрд сомду түзгөн. Январь айынан бери бул көрсөткүч 8,28%га өстү.

Жарандар апрель айында эң аз ипотека насыясын алышкан, болгону 53,2 млн. сом, бирок июнь айында суроо-талап жогорулап, алар дароо 668,1 млн сомго көтөрүлгөн.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда ипотекалык насыялоо 2003-жылдын апрелинен баштап коммерциялык банктар тарабынан да бериле баштаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>