Кыргызстандын үч аймагында 70 мектепке санариптик китепкана киргизилди

Кыргызстандын үч аймагында 70 мектепке санариптик китепкана киргизилди

«Ilim Box» долбоорунун алкагында Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарындагы 70 мектепке атайын түзмөктөр аркылуу санариптик китепкана орнотулду.

Долбоорду ишке ашыруу менен алектенген Кыргызстандагы интернет-коомчулугунун (ISOC) өкүлдөрү мындай китепкана мектептердеги китептин жетишсиздиги жана интернеттин жоктугу өңдүү маселелерди чечүүгө багытталганын билдиришти. Алардын айтымында, санариптик китепкана өз ичине кыргыз, орус жана англис тилдериндеги «Википедияны», англис тилиндеги Хан академиясын, ошондой эле миңдеген аудио, видео сабактарды жана электрондук китептерди камтыйт.

Түзмөк интернетке кошулбастан эле бардык билим берүү ресурстарына жетүүгө мүмкүндүк берет.

[su_quote]Биз интернетте бар маалыматтарды атайын дискке көчүрүп, вай-фай роутердин ролун аткара турган кичинекей компьютерди тиркеп койдук. Анда каалаган колдонуучу керек болгон маалыматтарды компьютерине же смартфонуна жүктөп алса болот. Эң башкысы — колдонуучулар билим берүү ресурстарына гана кирүү мүмкүндүгүнө ээ болушат. Алар социалдык түйүндөргө же башка көңүл ачуучу контенттерге кире алышпайт.[/su_quote]

Санариптик китепкана орнотуу үчүн аймактардагы интернети жок, китептер жетишпеген жана окуучуларынын саны нормадан көп болгон мектептер тандалып алынган.

Долбоордун авторлору мындай түзмөктөрдү Кыргызстан боюнча 100 мектепке белек кылуу пландалып жатканын белгилешти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>