Кыргызстандын 11 жараны Израилден эвакуацияланды

Кыргызстандын 11 жараны Израилден эвакуацияланды

Кыргызстандын 11 жараны Израилден Египетке коопсуз эвакуацияланып, андан ары Казакстандын Шымкент шаары аркылуу Кыргызстанга жеткирилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул гуманитардык операция Кыргызстандын Түркия, Казакстан, Сауд Арабиясы жана Израилдеги элчиликтери, ошондой эле Герцлия жана Шымкент шаарларындагы Ардактуу консулдуктар менен тыгыз координацияда жүргүзүлгөн.

Министрлик Египеттин жетекчилигине жана тийиштүү мекемелерине транзиттик каттамды уюштуруудагы жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, Казакстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө гуманитардык миссияны ийгиликтүү жүзөгө ашыргандыгы үчүн өзгөчө ыраазычылыгын билдирди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>