Кыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты

28.03.2026 | 11:00

Рустам Кошонов дипломатиялык миссиясынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу Кыргызстандын Анталья шаарындагы башкы консулу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Анын ордуна Бакыт Кадыров Анталья шаарындагы башкы консул болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыктарга өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.

51 жаштагы Бакыт Кадыров Кыргызстандын Эл аралык университетин «эл аралык юрист» адистиги боюнча, кийин Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясында «эл аралык мамилелер» багытында билим алган. Ошондой эле Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен юриспруденция адистигин бүтүргөн.

2005–2008-жылдары Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинде, 2013–2016-жылдары Алматы шаарындагы башкы консулдукта консул болуп иштеген. 2018–2022-жылдары кайрадан Өзбекстандагы элчиликте кеңешчи кызматын аркалаган.2023-жылдан бери ТИМдин Консулдук департаментинин директорунун орун басары болуп иштеп келген.

Scroll to Top