Кыргызстандын элчиси жарандарга Украинага кайтпай турууну эскертти

Кыргызстандын элчиси жарандарга Украинага кайтпай турууну эскертти

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу азыркы учурда Украинага кайткан жана кайтууну көздөп жаткан кыргызстандыктарга кайрылды.

Кадыркулов согуш башталгандан кийин Украинадан миңден ашык жаран эвакуацияланганын жана аларга эки өлкө ортосундагы аскердик кагылышуу токтоп, жашоо өз нугуна түшкөнгө чейин кайтпай туруу эскертилгенин билдирди.

«Жалпыңыздарга маалым болгондой эки өлкөнүн аскердик кагылышуусунан улам жаз-жай мезгили биздин жарандарыбызды эвакуациялоо менен коштолду. Жумушубуздун басымдуу бөлүгү дал ушул эвакуация болгон. Мындай иш-чарага албетте бир топ мээнет жана материалдык чыгымдар да коротулган. Натыйжада жалпысынан миңден ашуун жарандарыбыз Украинадан чыгарылып, 50гө чукул адам бул жерде калган. Тилекке каршы ошол кезде эвакуацияланган айрым мекендештерибиз кайра келип алышты. Азыр биздин жарандардын жалпы саны 140га жетти (арасында үй-бүлө мүчөлөрү кыргыз жараны болбогондору дагы бар). 10-октябрда ракеттик-бомбалык соккулар күчөгөндө, кээ бири эми кайтадан «бизди бул жерден Кыргызстанга чыгарып кеткиле», дешүүдө», — дейт ал.

Сөз аягында элчи учурда Украинага кайтып жаткан жарандар өз өмүрүн тобокелдикке салып жатканын белгилеген.

«Урматтуу мекендештер, өз өмүрүңөргө тобокел мамиле жасоодон оолак болууңуздардын милдети элчиликтен тышкары, биринчи кезекте өз колуңарда болуусу керек. Өзүм билемдик, коопсуздук кеңештерди кулак сыртында калтыруунун натыйжасы каргашалуу тагдырга алып келбейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ар бир адам өз өмүрүнө өзү гана жоопкер экенин эсиңиздерге салабыз», — деди элчи.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>