Site icon Reporter.kg

Кыргызстандын футбол боюнча Дүйнө жана Азия чемпионатынын тандоо турундагы атаандаштары белгилүү болду

Футбол боюнча Кыргызстан курамасынын 2022-жылы өтүүчү Дүйнө чемпионатына жана 2023-жылдагы Азия Кубогу үчүн тандоо турундагы атаандаштары аныкталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясы кабарлады.

17-июлда  Куала-Лумпур шаарында континенталдык биринчилик үчүн өткөн чүчүкулакта Кыргызстан » F » тайпасына түштү. Ага Жапония, Тажикстан, Мяньма жана Монголия курамалары бөлүндү.

Тандоо турунун алкагында алгачкы беттеште Кыргызстан курамасы 5-сентябрда Тажикстан курамасына каршы ойнойт.  Ал эми акыркы беттеш үчүн кийинки жылдын июнь айында Японияга каршы ойнойт.

Тайпалык баскычтын жыйынтыгы боюнча, ар бир тайпада биринчи орунду ээлеген 8 команда жана экинчи орунду ээлеген мыкты көрсөткүчү бар 4 команда 2023-жылы өтүүчү Азия Кубогуна жолдомо алат. Ошондой эле, командалар  Дүйнө биринчилигине жолдомо алуу боюнча беттешмекчи.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы алгачкы жолу 2018-жылдагы Азия кубогунда плей-оффко чыккан. 

Exit mobile version