Футбол боюнча Кыргызстан курамасынын 2022-жылы өтүүчү Дүйнө чемпионатына жана 2023-жылдагы Азия Кубогу үчүн тандоо турундагы атаандаштары аныкталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясы кабарлады.
17-июлда Куала-Лумпур шаарында континенталдык биринчилик үчүн өткөн чүчүкулакта Кыргызстан » F » тайпасына түштү. Ага Жапония, Тажикстан, Мяньма жана Монголия курамалары бөлүндү.
Тандоо турунун алкагында алгачкы беттеште Кыргызстан курамасы 5-сентябрда Тажикстан курамасына каршы ойнойт. Ал эми акыркы беттеш үчүн кийинки жылдын июнь айында Японияга каршы ойнойт.
Тайпалык баскычтын жыйынтыгы боюнча, ар бир тайпада биринчи орунду ээлеген 8 команда жана экинчи орунду ээлеген мыкты көрсөткүчү бар 4 команда 2023-жылы өтүүчү Азия Кубогуна жолдомо алат. Ошондой эле, командалар Дүйнө биринчилигине жолдомо алуу боюнча беттешмекчи.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы алгачкы жолу 2018-жылдагы Азия кубогунда плей-оффко чыккан.