Кыргызстандын ИДПсы 8 айда 1 триллион сомдон ашты – Касымалиев

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин айтымында, үстүбүздөгү жылдын январь–август айларында өлкөнүн ички дүң продукциясынын көлөмү 1 триллион 42,1 миллиард сомду түздү.
Өсүү темпи 10%дан ашып, реалдуу өсүш 11% болду. Өсүштүн негизги булактары:
- курулуш – +34,8%
- тейлөө тармагы – +9,5%
- айыл чарба – +2,4%
- өнөр жай – +11,6%
Айрым тармактарда өзгөчө жогорку көрсөткүчтөр катталды:
- фармацевтика – 2,2 эсеге
- тамак-аш өндүрүшү – +44,4%
- резина, желим буюмдары жана курулуш материалдары – +32,2%
- химиялык продукция – +22,8%
- текстиль жана тигүү – +7,1%
- тоо-кен өндүрүшү – +15,5%
Инвестициялардын көлөмү да өсүп, 166 млрд сомду түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 20,1%га көп. Инвестициянын 30%ы республикалык бюджеттен каржыланган (49,3 млрд сом), бул өткөн жылга салыштырмалуу 2,6 эсеге көп.
Касымалиев белгилегендей, инфляциянын деңгээли 5,1%ды түздү. Ошондой эле ал мамлекеттик органдарга азык-түлүк бааларына тыкыр мониторинг жүргүзүүнү тапшырды.
“Биз товарлардын бааларынын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербешибиз керек”, — деди ал.