Кыргызстандын ИИМи көңүл ачуучу жайларда баңгизатка каршы масштабдуу рейддерди өткөрдү
КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) кызматкерлери республиканын аймагындагы түнкү клубдарда жана караоке-барларда бир катар ыкчам-алдын алуу иш-чараларын өткөрүштү. Текшерүүлөр мекемелер эң активдүү иштеген кечки жана түнкү убакта жүргүзүлдү.
ИИМдин маалыматы боюнча, рейддердин негизги максаты — баңгизат каражаттарын колдонуу жана таратуу фактыларына бөгөт коюу, ошондой эле жаштар арасындагы укук бузуулардын алдын алуу болуп саналат. Текшерүүнүн жүрүшүндө жайлардын администрацияларына мыйзамдарды так сактоо жана келүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо зарылдыгы эскертилди.
Ведомстводон бул иш-чаралар мындан ары үзгүлтүксүз негизде өткөрүлүп турарын баса белгилешти. Укук коргоо органдары көңүл ачуучу жайлардын кожоюндарын жана башкаруучуларын алардын аймагында баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жол бергендиги үчүн жеке жоопкерчилик каралганын эскертет. Эс алуу жана көңүл ачуу чөйрөсүндөгү кырдаал укук коргоо органдарынын күчөтүлгөн көзөмөлүндө турат.