Кыргызстандын Ишенимдүү ишкерлери реестрине кирүү үчүн арыз берүү башталды

Кыргызстандын Ишенимдүү ишкерлери реестрине кирүү үчүн арыз берүү башталды

Кыргызстандын Ишенимдүү ишкерлери реестрине кирүү үчүн документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги жарыялады.

Маалыматка ылайык, бул үчүн ишкер Соода-өнөр жай палатасына кайрылып, арыз тапшыруусу керек. Документтерди кабыл алуунун мөөнөтү 2025-жылдын 5-августунда аяктайт. Ишкерди аталган реестрге кошуу ишкердик субъекттерин тандоо боюнча туруктуу иштеген мекемелер аралык комиссиянын чечиминин негизинде жүргүзүлөт.

Реестрге киргизилген ишкерлер төмөнкү артыкчылыктарга ээ болушат:

  • Мамлекеттик телеканалдар менен макулдашылган медиаплан боюнча медиаберүү үчүн акысыз эфирдик убакыт;
  • Салык кызматтарынан кезексиз тейлөө;
  • Кыргыз Республикасынын атынан эл аралык көргөзмөлөргө, жарманкелерге жана форумдарга акысыз катышуу;
  • Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлгөн текшерүүлөрдөн тышкары, башка мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдар тарабынан үч жылдык текшерүүдөн бошотуу (Реестрге киргизилген күндөн тартып);
  • Мамлекеттик насыялоо программаларынын алкагында жеңилдетилген каржылоо мүмкүнчүлүгү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>