Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курамасы дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курамасы 20 жашка чейинкилер арасында өткөн дүйнө чемпионатында алтын медаль утуп, үчүнчү дивизиондун В тайпасынын чемпиону аталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Турнир 18-24-январь күндөрү Бишкек шаарында өттү. Ага Кыргызстандан тышкары, Мексика, Люксембург, Түштүк Африка, Иран жана Гонконгдун улуттук (Кытай) курама командалары катышты.
Кыргызстандын командасы турнирдин алкагында беш беттеш өткөрүп, бардык оюндарда жеңишке жетти. Оюндардын жыйынтыктары:
- Кыргызстан — Гонконг — 4:1;
- Кыргызстан — Түштүк Африка Республикасы — 7:2;
- Кыргызстан — Иран — 15:1;
- Кыргызстан — Люксембург — 5:3;
- Кыргызстан — Мексика — 7:4.
Турнирдин жыйынтыгында кыргызстандыктар 15 упай топтоп, турнирдик таблицада биринчи орунду ээледи. Бул жеңиш менен Кыргызстандын жаштар курама командасы кийинки сезондо дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунун А тайпасында ойноо укугуна ээ болду.