Кыргызстандын павильону Ташкенттеги жарманкеде мыкты деп табылды

Кыргызстандын павильону Ташкенттеги жарманкеде мыкты деп табылды

Кыргызстандын павильону Өзбекстандын борбору Ташкентте өтүп жаткан «Жибек Жолундагы туризм – 2022» аталышындагы эл аралык жарманкеде мыктылардын бири деп табылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти.

Жарманке 30-ноябрда башталып, 2-декабрга чейин уланат. Кыргызстандын делегациясынын сапарын жана павильондун ишин Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду уюштурган. Делегациянын курамы 22 компаниянын өкүлү кирген 50 кишиден турат. Алардын жарымы санаторий жана курорттордун, калганы туристтик операторлордун өкүлдөрү болушат.

«Чет жердеги жарманкеге туризм тармагынын мындай чоң делегациясынын катышып жатканы биринчи ирет болууда», — деп белгилейт фонд.

Кыргызстандын павильонунун аянты 50 чарчы метрди түзөт. Анын ачылышына Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев, фонддун президенти Елена Калашникова, Өзбекстандын туризм министри Азиз Абдухакимов жана башка чиновниктер катышкан.

Жарманкенин жүрүшүндө эки LED-экранда Кыргызстан тууралуу видеотүрмөктөр көрсөтүлүүдө.

«Бийчилер кыргыз улуттук бийлерин таанытып жатса, Ош шаарынын мэриясы улуттук тамак-аштын жарманкесин уюштурду. Ошондой эле жоокердин кийимин кийген үч «баатыр» өзгөчө колорит жаратып, коноктор алар менен сүрөткө түшүүдө. Кыргызстандын павильону көптөрдүн кызыгуусун туудуруп, делегациянын мүчөлөрү менен маек куруп, Кыргызстан тууралуу маалымат алышууда», – деп билдирет фонд.

Жарманкенин алкагында Елена Калашникова «Туризмди өнүктүрүүдө мамлекеттин ролу» аталышындагы презентациясын тартуулайт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>