Алтынай Сакеева Санкт-Петербург шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу болуп дайындалды.
Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.
«Сакеева Алтынай Ишеновна Карелия Республикасынын, Коми Республикасынын, Архангельск, Вологда, Калининград, Ленинград, Мурманск, Новгород, Псков облустарынын жана Санкт-Петербург шаарынын аймактарын камтыган консулдук округу менен Россиянын Санкт-Петербург шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу болуп дайындалды», — деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз