Бугүн, 18-декабрь күнү саат 04:56да Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, анын күчү 3,5 баллга жеткен.
Ошондой эле жер титирөө Чоң-Алай районунун Кашка-Суу, Кара-Кабак, Жайылма айылдарында 2,5 баллга сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.