Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Мадмаров Азизбек Маматович Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Мадмаров 2018-жылдын августунан бери КР Тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеп келген.
Талант Султанов 2021-жылдын майынан 2022-жылдын 2-августуна чейин Кыргызстандын Түркмөнстандагы мурдагы элчиси болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз