Бишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылдыБШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кести
Кыргызстанга ирригациялык каналдарды тейлөө үчүн 17 заманбап техника берилди
20.08.2025 | 12:59

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдиргендей, ирригациялык каналдарды тейлөө үчүн 17 даана заманбап атайын техника тапшырылды.
Техникалар Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) каржылаган “Ирригациялык каналдарды тейлөө үчүн техникалык камсыздоону жакшыртуу” аттуу гранттык долбоордун алкагында берилди.
Тапшыруу аземине катышкандар:
- Айыл чарба министри — Бакыт Төрөбаев;
- Япониянын Кыргызстандагы элчиси — Года Хидэки;
- Жогорку Кеңештин депутаты — Талайбек Масабиров;
- JICAнын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү — Нишигата Котаро;
- Суу ресурстары кызматынын жетекчилери.
Долбоордун өзгөчөлүктөрү:
- Жалпы гранттык каражат: 643 302 758 сом;
- Максат: эски техниканы жаңылоо жана жетишпеген техниканы толуктоо;
- Жалпы тапшырылуучу техника: 34 даана, анын ичинен 17 даанасы бүгүн тапшырылды, калган 17 даанасы 2025-жылдын аягына чейин берилет.
Рубрики: Жаңылыктар