Кыргызстанга кумшекерди бажы төлөмсүз ташып келүү узартылды

Кыргызстанга кумшекерди бажы төлөмсүз ташып келүү узартылды

Кыргызстан кумшекерди жана чийки кумшекерди импорттоо үчүн тарифтик жеңилдикти 2022-жылдын 31-декабрына чейин узартты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жылдын аягына чейин импорттоочулар 105 миң тоннага чейин бул продукцияны алып келүү үчүн алымдардан бошотулган. Кыргызстан мындай квотаны быйыл июль айында алган. Ошондой эле май айынын аягында өлкөдө кумшекерди экспорттоого тыюу салынып, аны жыл аягына чейин узартуу пландалууда.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанга даяр продукция Индиядан, ал эми камыш кантын кайра иштетүү үчүн сырье Бразилиядан ташылып келет. Күздөн тарта ата мекендик заводдор кант кызылчасын кайра иштете баштайт.

Тэги: кумшекер

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>