13-декабрда Казахстандан Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келген 4 цистерна-вагон күйүүчү май кармалган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, мыйзамсыз жүктүн көлөмү 240 тоннага барабар.
Мыйзамсыз жүк “Кара-Балта» темир жол станциясынан кармалган. Өтөрүлгөн экспертизанын негизинде аталган вагондордогу заттар А-92 маркасындагы бензин экендиги аныкталган.
Ошондой эле, Темир жол станциясынын аймагында жасалма жүк ташуучу документтери менен Республиканын түштүк областтарындагы май куйуучу жайларга жүк ташый турган 5 автобензин ташуучу унаалар кармалды.
[su_image_carousel source=»media: 16303,16304,16302,16301″ limit=»36″ crop=»none»]
Аталган майлоочу жана күйүүчү майларды мыйзамсыз ташуудагы аталган каналды жок кылууга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 16-декабрь күнү 120 тонна «бензанол» жүктөлгөн дагы 2 вагон кармалды.
Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иштери сотко чейинки өндүрүштүк материалдардын негизинде төлөнбөгөн салыктар эсептелүүдө.