“Кыргызтелеком” ишканасынын төрагасы Эмил Акматов кызматтан алынды. Маалымат ишкананын расмий сайтына бүгүн, 18-июлда жарыяланды.
Белгилүү болгондой төраганы кызматтан кетирүү чечимин ишканадагы директорлор кеңешини кабыл алган.
Эмил Акматов аталган кызматты ушул жылдын 2-апрелинен бери убактылуу аркалап келаткан.