Кышкы каникул расмий түрдө 12-январга чейин узартылды

Өкмөт мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын кызматкерлери үчүн жаңы жылдык эс алуу күндөрүн 2026-жылдын 8-9-январына чейин узартты. 10-11-январь дем алыш күндөрү болгондуктан, кыргызстандыктар 12-январга чейин эс алышат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Бул чечим үй-бүлөнү бекемдөө жана кышкы каникул маалында ата-энелер балдары менен чогуу эс алышына шарт түзүү максатында кабыл алынган.
Токтомго ылайык, жеке менчик ишкана-уюмдардын жетекчилерине да бул чечимди өз ишмердүүлүгүндө колдонуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталды.
“Бул кызматкерлердин эмгек ишмердүүлүгү менен үй-бүлөлүк жашоосунун ортосундагы тең салмакты камсыздоого көмөк көрсөтөт”,- деп айтылат маалыматта.
Тиешелүү токтомго Адылбек Касымалиев кол койду. Ал 2026-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.