Site icon Reporter.kg

Кытай Нэнси Пелоси жана анын үй-бүлөсүнө санкция киргизет

Кытайдын тышкы иштер министрлиги АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасынын төрайымы Нэнси Пелоси санкция киргизет.

Кытай мыйдай чечимди Нэнси Пелоси 2-августта АКШ Конгрессинин делегациясы менен Тайванга баргандан кийин кабыл алды. Расмий Бээжин Пелоси Тайванга учуп келер алдында эле АКШга бул сапарды өз эгемендигине доо кетирүү катары бааларын билдирип, анын кесепети жаман болорун Вашингтонгго эскерткен.

Белгилей кетсек, чектөө чаралары бир эле Нэнси Пелосиге эмес, анын үй-бүлө мүчөлөрүнө карата да колдонулат. Мындай санкцияга былтыр АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Майк Помпео да кабылган. Ал Тайванды «эркин жана эгемен мамлекет» катары таанууга чакырган.

Нэнси Пелоси Тайванда болуп кеткенден кийин Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстан да билдирүү жасап, Тайванды Кытайдын жери деп тааный турганын билдирген.

1950-жылдары Кытайдын Коммунисттик партиясы менен күрөштө утулуп калган Гоминьдан партиясы өлкөнүн Тайван аралында баш калкалап, аны жана анын айланасындагы бир нече аралды өзүнчө мамлекет деп жарыялаган. Алар өздөрүн 1911-жылы түзүлгөн Кытай Республикасынын мураскери катары көрүшөт. Тайван Тайбэй шаарын өз борбору деп санайт.

Ушул тапта Тайванды өз алдынча мамлекет катары 14 гана өлкө тааныйт. Расмий Бээжин аралды өзүнүн бир бөлүгү катары карап, ага каршы саясат жүргүзүп келет.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version