Кытай Тибетте дүйнөдөгү эң ири ГЭСтин курулушун баштады

Кытай Тибетте дүйнөдөгү эң ири ГЭСтин курулушун баштады

Кытай Тибет аймагындагы Ярлунг-Цангпо дарыясынын төмөн жагында дүйнөдөгү эң ири гидроэлектр станциясынын курулушун баштады.

Синьхуна агенттигинин маалыматына ылайык, долбоор беш каскаддан туруп, ага жалпысынан 167,2 миллиард доллар инвестиция тартылары маалым болду.

Мегапроект жылына 300 миллиард киловатт-саат электр энергиясын өндүрүүгө жөндөмдүү болот. Бул учурдагы эң ири деп эсептелген “Санься” ГЭСинен үч эсе көп энергия өндүрөт.

Ярлунг-Цангпо дарыясы Тибеттеги Кайлас тоосунун жанындагы мөңгүдөн башталып, Индия аркылуу агып өтүп, Бангладешке чейин жетет. Ошондуктан бул курулуш коңшу өлкөлөрдүн, өзгөчө Индиянын тынчсыздануусун жаратууда.

Индиянын ТИМ өкүлү Рандхир Жайсвал Кытайдын долбооруна көз салып жатышканын билдирип, Пекинди коңшу мамлекеттердин кызыкчылыгына зыян келтирбөөгө чакырды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>