Кытайга айыл чарба товарларын экспорттоону көбөйтүү пландалууда

Кытайга айыл чарба товарларын экспорттоону көбөйтүү пландалууда

Быйыл тогуз айдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан эң көп Кытай менен соода жүгүрткөн. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Ху Чуньхуа менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, кыргыз тарап транспорт жана байланыш, айыл чарба, энергетика, ирригация тармагында сооданы өнүктүрүүгө жана биргелешкен долбоорлорду, анын ичинде инвестициялык долбоорлорду илгерилетүүгө кызыктар.

Ушул жылдын июнь айына чейин Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу жана талаа изилдөөлөрүн аяктоо үчүн иш графигин сактоо зарыл деп эсептейбиз”, — деди ал.

Мындан тышкары, Жапаров Кыргызстан Кытай базарына ата мекендик айыл чарба продукциясын жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө, коңшу өлкөнү жашыл энергия менен камсыздоо жаатында кызматташууну өнүктүрүүгө багытталганын белгиледи.

“Биз Кыргыз-Кытай Ишкер Кеңешин түзүүнү сунуштайбыз, ал соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты чыңдоо, ошондой эле бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн үзгүлтүксүз кызматташышы үчүн натыйжалуу аянтча болушу керек”, — деп сунуштады Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысы кыргыз тарап дагы электрондук чек ара соодасын өнүктүрүүнү жана логистикалык борборлорду курууну кубаттай турганын баса белгиледи.
Өз кезегинде Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьер-министри Ху Чуньхуа ар түрдүү тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө умтуларын билдирди.

Кошумчалай кетсек, Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьер-министри Ху Чуньхуанын Кыргызстанга сапары дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгы жана коңшулук, достук жана кызматташтык келишимине кол коюлгандыгынын 20 жылдыгы менен туш келди.

Телеграм каналыбызга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>