Кытайлык кыргыздардын тобу Токтобүбү Оргалчанын өмүр баянын текшерүү керек деген кайрылуу таратышты

Кытайлык кыргыздардын тобу Токтобүбү Оргалчанын өмүр баянын текшерүү керек деген кайрылуу таратышты

Reporter.kg маалымат агенттигинин дарегине өзүлөрүн кытайлык кыргыздарбыз деп атаган топтон кыргыз коомчулугуна Жогорку Кеңешке талапкер Токтобүбү Оргалчанын турмуш жолун дыккат текшерүү керек деген анонимдүү кайрылуу келип түштү.

Кайрылууда Токтобүбү Оргалчанын өзү тууралуу көрсөткөн маалыматтары күмөн жаратат деп айтылган.

Кайрылуунун урунттуу жерлерин кыскартуу менен жарыялайбыз.

“Кытайдан көчүп келген кыргыздардын саны азыр аябай көп. Кыргызстанда жаштары, карыларын эсепке алганда 5000ден ашык. Алардын көбү жарандык алышкан. Калганы вид на жительство (кытайча лю ка дейт) менен жашашат. Кытайда 200 миңге жакын кыргыз бар. Эми кечээки соцтармакта дүң болуп жаткан Оргалча Токтобүбү жөнүндө кеп кылсак. Бул аял Кызыл-Суу кыргыз автономиялык облусунун Ак-Чий ооданын Кулансарак деген айылынан болот. Билими 8-классты бүткөн”, — деп жазылат.

Кайрулууда Токтобүбү Оргалчанын жердештери аны тилекке каршы жакшы эмес жагынан таанышарын айтышып, кытайдан көчүп келген кыргыздардын татыктуулары буга чейин Жогорку Кеңеште мыкты иштегенин билдиришет.

“Депутат болсо бизге сыймык эле. Бирок татыктуу инсан эмес да. Мурунку чакырылыштагы Адыл Жунус уулундай болсо мейли дейт элек. Ал жогорку билимдүү, диплому бар, окуганы чындык”, — дешет кайрылуунун авторлору.

Андан ары кайрылууда Токтобүбү Оргалча өзүнүн расмий өмүр баянында көрсөткөндөрү күмөндүү экени айтылган.

“Токтобүбү Оргалча деген ким? Кытайча аты Тоитубуби Оэрхалика деп жазылган. Кытай консулга ушул ат менен иш тапшырып текшерилсин.

Соцтармактарда кыргыз эли ызы-чуу түшкөндөй эле бар. Депутат болууга Кыргызстанда 5 жыл жашаган, кыргыз тилин билген, жогорку билимдүү, диплому бар, жазганды, окуганды билген инсандар болушу керек эле деген мыйзамда, баарын текшерүүгө алыңыздар, эгер мыйзам иштесе”, — деп айтылат кайрылууда.

Мындан тышкары кайрылуунун авторлору Токтобүбү Оргалчанын өмүр баянын бир нече пункттарын текшерүү керектигин белгилешти.

“- Диплому жасалма эмеспи? (архив)

— 15 жыл №1 доктурканада кардиохирург болуп иштедиби? (архив аркылуу)

— 9 жыл медицина окуу жайында Үрүмчүдө окудум дегени чынбы? (диплому барбы, архиви барбы)

— Кытайдын борбору Пекинде аспирантураны бүтүрдүбү? Кайсы жылы? Илимий изилдөө жетекчиси ким болгон экен? Кайсы университетте кандидаттык жактаган? Диплому?”.

Кайрылуунун соңунда кат авторлору Токтобүбү Оргалча тууралуу кытай тараптан расмий түрдө ал мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы тууралуу маалыматты сурап көрүүнү сунушташат.

Редакция жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтар тууралуу Токтобүбү Оргалчанын расмий жообун да жарыялоого даяр.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>