Кытай–Кыргызстан кызматташтыгы. Эки өлкө ортосундагы 2030-жылга чейинки миллиарддык долбоорлор

29.07.2025 | 13:52

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы экономикалык кызматташтык акыркы жылдары жаңы деңгээлге чыгып, эки өлкө тең өз ара стратегиялык кызыкчылыктарды тыгыз байланыштырып келе жатат. Пандемия учурунда да бул кызматташтык солгундаган жок. Эми кызматташтык жаңы деңгээлге өтүп, тараптар 2030-жылга чейин өз ара ишенимге негизделген өнөктөштүктү кеңейтүүгө ниетин ачык билдиришти.
2024-жылы кызматташтык өзгөчө тыгыз жүрүп, эки тараптуу соода жүгүртүү 22 млрд доллардан ашты. Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу башталды.  Кытай президенти Си Цзинпиндин “Бир алкак, бир жол” демилгесин Кыргызстан жогору баалап, анын алкагында масштабдуу инфраструктуралык жана транспорттук долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катыша баштады. Бул демилге аркылуу Кыргызстан аймактык транспорттук хаб катары өзүнүн логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, дүйнөлүк базарларга чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууда. “Reporter.kg” басылмасы бул ирет эки өлкөнүн саясий, экономикалык алакасына саресеп салат.

Кытай–Кыргызстан экономикалык мамилелери стратегиялык өнөктөштүк баскычына өтүп, эки тарап тең өз ара көз карандылыкты эмес, өз ара пайда алып келчү тыгыз кызматташтыкты түзүүгө аракет кылууда. Инфраструктурадан тарта, инновацияга чейин камтылган бул кызматташтык Кыргызстандын ички өнүгүүсүнө, эл аралык соодага интеграцияланышына жана технологиялык жаңыланууга жол ачууда.

Эксперттердин айтымында, 2024-жыл Кыргызстан менен Кытайдын экономикалык кызматташтыгы үчүн эң активдүү жылдардын бири болду. Жыл ичинде кытайлык инвестициялардын негизинде өндүрүш жана инфраструктура тармагында бир нече ири долбоорлор ишке аша баштады.

Кылым долбоору аталган Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолу – эң маанилүү долбоорлордун бири. Бул темир жол Кыргызстанга деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгүн берип, логистикалык потенциалды тездик менен кеңейтет. Долбоор аяктагандан кийин жүк ташуу убактысы жана наркы кескин кыскарат. Темир жол менен жүктөрдү ташуу чыгымы 20–25% га чейин арзандайт деп күтүлүүдө.

Экономикага зор салым кошуп, элдин турмушун оңдоого чоң жардам бере турган бул албетте өндүрүш, заводдор жана энергетика эмеспи. Буга ылайык, Бишкекте кыргыз-кытай автоунаа чогултуучу завод иштей баштады. Бишкектин четинде таштандылардан электр энергиясын чыгаруучу заводдун курулушу башталды. Ысык-Көлдө 400 мегаватттык күн электр станциясынын биринчи фазасы курулууда. Орто-Токой” кичи ГЭСинин курулушу старт алды. Жол жана логистика тармагында болсо, Ысык-Көл айланма жолунун реконструкциясы жүрүп жатат. “Эркечтам” чек ара бекетинин жанынан көмүрдү чогултуп, Кытайга жөнөтүүчү логистикалык борбор курулууда. Ал эми кен байлыктар боюнча сөз кыла турган болсок, Нарын, Жалал-Абад, Ош жана Баткенде алты ири көмүр кени кытайлык компанияларга иштетүүгө берилди. Кыргызстандын түштүгүндө жайгашкан “Жунда” нефть иштетүүчү заводу кайрадан иштей баштады.

Соода сатык боюнча кеп сала турган болсок, бүгүнкү күндө Кыргызстандан Кытайгв төмөнкү азыктар экспорттолот. Алар: тоок эти, төө буурчак, жүн жана кашемир . Бул жаатта фитосанитардык жана ветеринардык протоколдор бекитилди.

Муну менен катар, Кытай Кыргызстанда өндүрүш тармагын колдоого алган негизги инвесторлордун бири болуп калды. Жашыл энергетика – Калыбына келүүчү энергия булактарына багытталган инвестициялар өсүүдө. Пахта жана жүндөн продукция өндүрүшү – Кытай технологияларын колдонуу менен локалдык фабрикалар модернизацияланып жатат. Дары-дармек жана кайра иштетүү жаатында ишканалар ачылып, кыргыз фармацевтикасы тышкы рынокко чыгууну көздөөдө.

Мындан сырткары, Кыргызстан Кытай менен биргеликте жасалма интеллект, санариптик экономика жана интеллектуалдык менчик тармактарында кызматташууну бекемдөөдө. Сот системасын автоматташтыруу боюнча техникалык-экономикалык негиздемеге да Кытай тарап колдоо көрсөтүүдө.

Айтор айта берсе сөз көп, санай берсе мисал көп. Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстан менен Кытайдын экономикалык кызматташтыгы жылдан жылга артып баратат. Президент Садыр Жапаровдун Бээжинге болгон сапарынын алкагында эки өлкө ортосунда бир катар ири долбоорлор жана келишимдер түзүлүп, 2030-жылга чейинки орто жана узак мөөнөттүү өнүктүрүү программасына расмий кол коюлган болчу. Бул боюнча Кытайдын төрагасы Си Цзинпин эки өлкөнүн ортосундагы мамиле баарын камтыган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине жеткенин билдирген.

Кыргызстан менен Кытай “Бир алкак, бир жол” демилгесинин алкагында 2026-жылга чейинки улуттук өнүгүү программасын чогуу ишке ашырууну макулдашууга жетишкени маалым. Сөзүбүз кур болбош үчүн, сөз менен эмес, төмөнкү фактыларды келтирүүнү туура көрдүк.

Кол коюлган документтердин арасында төмөнкү келишимдер бар:

  • Социалдык камсыздандыруу тууралуу макулдашуу
  • Кыргызстандын сот тутумунун маалыматтык системасын түзүү боюнча долбоор
  • Ош шаардык жана Президенттик ооруканаларды жабдуу тууралуу документтер
  • Тышкы иштер министрликтери ортосунда туруктуу диалог түзүү боюнча меморандум

Мындан тышкары, тараптар төмөнкү тармактарда кызматташуу тууралуу макулдашкан:

  • Эки өлкөнүн жарандарынын бири-бирине баруусун жеңилдетүү
  • Экономикалык өсүш жана реформаларды колдоо
  • Чек ара өткөрмө бекеттерин жакшыртуу
  • Санарип экономика, жасалма интеллект жана “таза” энергетика үчүн керектүү минералдар боюнча бирге иш алып баруу.

    Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы экономикалык кызматташтыктын тереңдеп жатышы – өлкөбүз үчүн тарыхый мүмкүнчүлүк. “Бир алкак, бир жол” демилгеси сыяктуу глобалдык платформаларга активдүү катышуу, инфраструктурадан тартып санариптик экономикага чейинки бир катар багыттардагы кызматташуу – Кыргызстанды жаңы өнүгүү тепкичине чыгара алат. Бирок бул процессте стратегиялык сабырдуулук жана улуттук кызыкчылыкты коргоо маанилүү. Кытай инвестициясы – мүмкүнчүлүк, бирок көз карандылыкка айланбашы керек. Демек, ар бир келишимди ачык-айкын, кесипкөй деңгээлде карап чыгып, инвестициялар өлкөнүн узак мөөнөттүү кызыкчылыгына туура келерин камсыздоо – бүгүнкү күндүн башкы талабы. Кыргызстан азыр бурулуш чекитте турат – бул кызматташтык өлкө келечегин аныктап коюшу ыктымал.
Рубрики: Макалалар
Scroll to Top