Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук району ШКУ өлкөлөрү менен практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү көздөйт

05.03.2026 | 17:20

2026-жылдын 5-мартында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) штаб-квартирасында Башкы катчы Нурлан Ермекбаев менен Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук районунун (СУАР) жетекчилигинин өкүлү Сюй Гуйсяндын жолугушуусу өттү. Тараптар өз ара аракеттенүүнүн жыйынтыктарын жана юбилейлик жылга карата пландарды талкуулашты.

Сюй Гуйсян СУАРдын ШКУга мүчө-мамлекеттер менен саясий, экономикалык жана маданий чөйрөлөрдөгү өнөктөштүгүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берди. Автономдук район Уюмду өзүнүн негизги эл аралык өнөктөштөрүнүн бири катары караары баса белгиленди.

Диалогдун жүрүшүндө 2025–2026-жылдар аралыгында ШКУда төрагалык кылып жаткан Кыргыз Республикасы менен болгон өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Кытай тараптын өкүлү СУАР өкмөтү үстүбүздөгү жылы Уюмдун 25 жылдыгын белгилөөгө арналган биргелешкен иш-чараларды уюштурууга жигердүү катышууга даяр экенин билдирди.

Башкы катчы Нурлан Ермекбаев СУАР жетекчилигине ШКУ Катчылыгынын ишин туруктуу колдоп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал соода, экономика жана маданий-гуманитардык алмашуу чөйрөсүндөгү практикалык кызматташтыктын деңгээлине жогору баа берди.

ШКУнун юбилейине даярдык көрүүнүн алкагында Уюмдун башчысы Синьцзян өкмөтүнө бир катар майрамдык иш-чаралардын тең уюштуруучусу катары катышууну сунуштады. Катчылыктын маалыматы боюнча, жолугушуу достук маанайда өтүп, өнөктөштүк байланыштарды андан ары тереңдетүүгө болгон эки тараптуу умтулууну тастыктады.

Scroll to Top