Кызмат талаш Кыргыз улуттук филармониясына жетти

Кызмат талаш Кыргыз улуттук филармониясына жетти

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын директору Кыргызбай Осмоновду кызматтан кетирип, анын ордуна опера ырчысы Жеңиш Ысмановду алып келүү аракеттери көрүлүүдө. Бул тууралуу Reporter.kg маалымат агенттигине өздүк булактар билдирди.

Маалымат булагыбыздын айтымында, Осмоновду кызматтан алууга Улуттук филармониянын эмгек жамааты макул эместигин билдирип, премьер-министр Садыр Жапаровго бүгүн, 3-ноябрда кат жолдошот.

Маалыматты тактоо үчүн Улуттук филармониянын директору Кыргызбай Осмоновго байланышканыбызда буларды айтты:

“Ооба мен дагы ошону угуп жатам, Бирок мага «кызматыңды тапшыр» деп эч ким айта элек. Филармониянын эмгек жамааты менин кызматта калуум боюнча кол топтоп жатканы чын”.

Ал эми маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков комментарий берүүдөн баш тартты.

“Сиздерге ким айтты? Мен азырынча комментарий бере албайм, бул мындай эле маселе. Филармониянын директорун дайындоо биздин эмес өкмөттүн иши деди”, – Кадырбеков.

Белгилей кетсек, Жеңиш Ысманов Италияда билим алып, Европанын белгилүү опералык театрларында ырдап келген жана Эл аралык конкурстардын бир нече жолку лауреаты.

Кыргыз эл артисти Кыргызбай Осмонов улуттук филармонияны 2013-жылдын октябрь айынан бери жетектеп келет.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>