Ош шаарына 30 даана желим бөтөлкөлөр үчүн атайын урналар орнотулат. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабаралашты.

Маалыматка караганда, урналар Кызыл Ай коому тарабынан айлана-чөйрөгө кам көрүү багытында, шаар үчүн белек катары берилген.

Берилген урналар Сулайман-Тоо, Амир Темур, Курманжан Датка муниципалдык аймактык башкармалыктарына бөлүнүп берилген. Мындан тышкары, эс алуу жайларга, калк жыш жайгашкан аймактарга да орнотулат.
