Ленин райондук сотунда экс-мэрлердин соту уланат

Ленин райондук сотунда экс-мэрлердин соту уланат

Бүгүн, 11-ноябрда Ленин райондук сотунда мурунку мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовго жана жалпы 13 адамга козголгон кылмыш иш боюнча соттук отурум уланат.

6-ноябрда өкөн отурум учурунда Бишкек мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Сталбек Өмүрканов өзүн жаман сезип, тез жардам чакырылгандыктан судья тыныгуу жарыялады.

Сталбек Өмүрканов Калыс-Ордодогу мектептин курулушу боюнча айыпталууда.

Экс-мэрлердин ишин Бишкектин Ленин райондук соту карап жатат. Кулматов “Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган” деп шектелүүдө.

Албек Ибраимовго Ысык-Көлдөгү  “Күнөстүү жээ” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген”, “Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар” деген айыптар коюлган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>