Президенттин м.а., премьер-министр Садыр Жапаров 2-ноябрь — Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.
Мекенчилдикке болгон жаштардын көз карашын калыптандырууга маданият кызматкерлеринин салымы чоң экендиги өкмөт башчынын куттуктоосунда баса белгиленген.
«Маданият — турмуштун күзгүсү демекчи, көркөм өнөр жана маданият ишмерлери коомдо улуттун сыймыгы болуп келген. Алар кайсы гана доор болбосун саясий идеологиялык абалга көз каранды болбой, ачык-айкын ой-пикирлерин айтышып, таамай сүйлөп, улуттук сапатыбызды, адеп-ахлактуулукту көрсөтүп келишкен. Себеби, көркөм-өнөр жана маданият чөйрөсү ар бир өлкөнүн экономикасынын жана саясатынын түркүгү болуп саналат”, – деп жазылат анда.
Белгилей кетсек, 2-ноябрь Маданият кызматкеринин күнү деп 1995-жылы кабыл алынып, бул күн 25-жылдан бери маданият жана көркөм өнөр кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары белгиленип келет.