Site icon Reporter.kg

Майыптуулук жөнүндөгү маалым кат электрондук форматка өттү

2025-жылдан тарта Кыргызстанда майыптуулук жөнүндөгү маалым каттты алуу процедурасы толугу менен электрондук форматка өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жыл сайын 55 миңге жакын жаран майыптуулук боюнча маалым катты алат. Эми документ Tunduk порталында жеткиликтүү.

Процесс кантип иштейт:

«Буга чейин жарандарга алтыга чейин ар кандай маалым каттар тапшырылса, азыр алар бирдиктүү санариптик маалымат катка бириктирилди. Ошондой эле реабилитациялоонун жана абилитациялоонун жеке программалары электрондук форматка өткөрүлүп, Tunduk системасы аркылуу жеткиликтүү»,- деп айтылат маалыматта.

Exit mobile version