Министрлер кабинетине караштуу Социалдык Фонду майыптыгы боюнча пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин жарыялады.
1) Кыргызстандын жарандары үчүн — паспорт;
— качкындын расмий статусуна ээ болгон жарандар үчүн — качкындын күбөлүгү;
— Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар үчүн — Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жашоо укугуна берилген уруксат.
2) Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) майыптыгынын тобун белгилөө жөнүндө корутундусу;
3) Эмгек китепчеси
4) 1996-жылдын 1-январына чейин пенсия алуу үчүн кайрылган камсыздандырылган адамдын каалоосу боюнча каалаган 60 айдагы үзгүлтүксүз иш үчүн эмгек акы тууралуу маалымкат;
5) пенсиялык күбөлүк алуу үчүн 3×4 см өлчөмүндөгү эки сүрөт;
Эскертүү: арыздануучунун камсыздандыруу стажын тастыктоочу — окугандыгы же аскер кызматын өтөгөндүгү тууралуу иш кагаздары бар болсо кесиптик, атайын орто окуу жайын аяктагандыгы тууралуу диплом (19.02.1999-жылга чейинки күндүзгү окуу бөлүмү кабыл алынат), аскер билети, аялдар үчүн – балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн тапшырса болот, никени каттоо же ажырашуу жөнүндө күбөлүк, ал башка фамилияга берилген документтер болгон учурда берилет;