Site icon Reporter.kg

Малахов кечирим сурасын! Соцтармакта “Россия 1” телеканалынын алып баруучусунуна каршы акция башталды

Социалдык тармактын колдонуучулары “Россия 1” телеканалынын алып баруучусунун Кыргызстандын жараны Исламбек Акбаровко жана анын туугандарын каралаган сөздөрү үчүн кечирим суроону талап кылып, #maLOHov деген хештег менен флешмоб башташты.

“Урматуу достор, сиздер Андрей Малаховдун кыргыздарга карата басынткан көрсөтүүсүн көргөн чыгарсыз. Биз азыр “Россия 1” телеканалынан жана Малаховдун жеке өзүнөн кечирим суроону талап кылуудабыз. Эгер Малаховдун сөздөрү сизди да иренжиткен болсо анда биздин акцияга кошулуп, #maLOHov деген хештег менен үн катыңыз”, — деп жазган акциянын демилгечиси Солтобек Эркин өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына.

Түшүндүрө кетсек, 24-сентябрда теле алып баруучуАндрей Малахов “Россия 1” телеканалынын түз эфириндеги  орусиялык миллиардер Владимир Маруговдун уулу Александрдын өлүмүнө байланыштуу көрсөтүүдө Исламбек Акбаровду  адам өлтүрүүгө айыптап, анын туугандарын улутчулдук маанайдагы сөздөр менен кемсинткен.

Exit mobile version