Малайзия менен Кыргызстандын Ишкерлер кеңеши өз ишин баштады

Куала-Лумпур шаарында Малайзия-Кыргызстан Ишкерлер кеңешинин биринчи жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Ишкерлер кеңешинин ишинин башталышы тууралуу 2025-жылдын июнунда өлкө башчы Садыр Жапаровдун Малайзиядагы расмий сапарында жарыяланган.
Жыйынга Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Анвар Анарбаев, Ишкерлер кеңешинин төрагасы жана малайзиялык бизнес өкүлдөр, ошондой эле элчилик менен Кыргызстандын Соода өнөр жай палатасынын өкүлдөрү катышты.
Жыйында Ишкерлер кеңешинин мүчөлөрү төмөнкү багыттар боюнча алдыдагы кызматташуу маселелерин талкуулашты:
- соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү,
- каржы жана банк механизмдерин жакшыртуу,
- туризм жана транспорттук байланыштарды илгерилетүү,
- билим берүү жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү,
- инвестициялык долбоорлорду колдоо,
- кыргыз продукциясын малайзия рыногуна чыгаруу.
Элчи Анвар Анарбаев Кыргызстан менен Малайзиянын экономикалык өнөктөштүгүн өнүктүрүүгө багытталган жаңы платформанын түзүлгөнүн белгиледи. Ал Ишкердик кеңеши эки өлкөнүн ортосундагы соода жана инвестициялык кызматташуунун кеңейишине өбөлгө болот деп билдирди.