Малайзиялык ишкерлерге Кыргызстандын инвестициялык жана соода мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди

Малайзиялык ишкерлерге Кыргызстандын инвестициялык жана соода мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди

7-майда Куала-Лумпур шаарында Малайзия менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн соода жана инвестиция тармагындагы кызматташтыгынын келечегине арналган атайын иш-чара болуп өттү. Ага Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Анвар Анарбаев катышты. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Форумга Малайзия жана АСЕАН өлкөлөрүнүн бизнес чөйрөсүнөн 200дөн ашуун өкүл катышты. Иш-чара Малазиянын чакан жана орто бизнес компанияларынын Консорциумунун жылдык жалпы чогулушунун алкагында уюштурулган.

Форумда элчи Анвар Анарбаев Кыргызстандын инвестициялык жана соода мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентация жасаган. Ал малайзиялык бизнес менен кызматташуунун келечектүү багыттары катары кайра жаралуучу энергетика, агроөнөр жай комплекси, тоо-кен тармагы, туризм жана халал-индустрия сыяктуу тармактарды белгилеген.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар 2025-жылдын ичинде Борбор Азия мамлекеттерине атайын бизнес-миссия уюштуруу ниетин билдиришкен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>