Малик Аликеев Бишкекке алынып келинди, жакында операция жасалат, — Жаманкулов

Малик Аликеев Бишкекке алынып келинди, жакында операция жасалат, — Жаманкулов

Малик Аликеев Бишкекке алынып келинди, жакында операция жасалат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

“Белгилүү ырчы Малик Аликеев агабызды Бишкек шаарына алып келип, 4-ооруканага жайгаштырдык. Абалы буйруса жакшы, жакынкы убакта, эгер кальцийи жакшы болсо, калыбына келсе хирург-ортопед Сабырбек Жумабеков агабыз операция жасайт. Мунун алкагында жасала турган баардык иштер биздин көзөмөлүбүздө болот”, — деп жазган министр билдирүүсүндө.

Мындан сырткары ырчынын дарылануусуна президент тарабынан каражат бөлүнгөнүн да кошумчалаган.

“КР Президенти С.Ш. Жеенбеков атайын материалдык жардам бөлүп, ал жардамды КР Президентинин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаевич тапшырды.

Малик агабыз кубануу менен баарыныздарга саламын жолдоду. Куз айларында сахнага чыгып калаарын жана жеке концерт программасын даярдай тургандыгы боюнча убадасын алдым”, — деп айтылат министрдин билдирүүсүндө.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>