Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын төрагасынын биринчи орун басары Константин Затулин Евразия биримдигин түзүп, ошол эле учурда мигранттарды басынтуу мүмкүн эмес деген пикирин “Москва сүйлөйт” радиосуна берген маегинде билдирди.
Затулиндин айтымында, учурда мигранттарга болгон мамиле туура эмес.
Ал эмгек мигранттары бир катар чиновниктердин жана абийирсиз структуралардын «саан уюна» айланганын белгиледи.
«Биз өзүбүздүн өлкөдө ксенофобия менен алектенүү менен евразиялык интеграцияны өнүктүрө албайбыз», — деген Затулин миграциялык саясатка адилеттүү жана цивилизациялуу мамиле жасоого чакырды.
Ошондой эле ал мигранттарга каршы толкун айрым саясатчылар тарабынан популисттик максатта колдонулуп жатканын жана улуттар аралык тирешүүнүн күчөшүнө алып келерин кошумчалады.