Мамкаттоо бүгүндөн тартып жалпы жарандык паспортту эки жумада даярдайт

Мамкаттоо бүгүндөн тартып жалпы жарандык паспортту эки жумада даярдайт

Кыргызстанда ID карта менен чет өлкөгө тыюу салынганына байланыштуу жалпы жарандык паспортту даярдоо мөөнөтү бир аптага кыскарды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, мындай чечим 11-мартта кабыл алынган.

Буга чейин жалпы жарандык паспорт 18 күндүн ичинде даярдалган болсо, жаңы чечимге ылайык 12 күндүн ичинде жасалат жана ага эч кандай кошумча акы алынбайт.

Өлкөдөгү бардык паспорт берүү бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте – күндүз да, түнкүсүн да иштейт.

Белгилей кетсек, коронавирустун алдын алуу максатында өкмөт ID-карта менен чек арадан өтүүгө 1-марттан тартып убактылуу тыюу салган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>