Мамлекеттик автомектептерге кабыл алуу 10-февралда башталат

Кыргызстанда 10-февралдан тарта мамлекеттик автомектептерге онлайн кабыл алуу башталат. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Айдоочулукка окууну каалагандар арызды онлайн форматта avtomektep.srs.kg сайты аркылуу тапшырышы керек. Талапкер порталдан жеке маалыматтарын толтуруп, окуй турган аймакты жана күбөлүктүн категориясын тандайт. Арыз каралгандан кийин жаран автоматтык түрдө тиешелүү окуу жайына катталат. Учурда өлкөнүн бардык облустарында жана райондорунда мамлекеттик окуу борборлору даярдалган.
Каныбек Туманбаевдин айтымында, окуу программасын ийгиликтүү өздөштүргөн курсанттар үчүн төрт айдан кийин сынак тапшыруу мүмкүнчүлүгү каралган. Сынактан өткөн жарандарга бир жылдык мөөнөткө убактылуу айдоочулук күбөлүк берилет.
Эгерде айдоочу бир жылдын ичинде жол кыймылынын эрежелерин бузбаса жана жол кырсыгына кабылбаса, ага туруктуу күбөлүк ыйгарылат. Ал эми тартип бузуу катталган учурда убактылуу күбөлүк автоматтык түрдө жокко чыгарылат.