Мамлекеттик гимнди тандоо боюнча кайрадан сынак өтүшү мүмкүн

Мамлекеттик гимнди тандоо боюнча кайрадан сынак өтүшү мүмкүн

Мамлекеттик гимндин текстин жана музыкасын тандообоюнча комиссиянын экинчи отуруму өттү. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлады.

Жыйында комиссия мүчөлөрүсунушталган долбоорлорду угуп чыгып, алардын мазмундук, музыкалык жана поэтикалык жактарын ар тараптан талдоого алышты.

Комиссия сунушталган долбоорлордун ар түрдүүлүгүнө жана жарандардын активдүү катышуусуна карабастан, мамлекеттик символ катары гимнге коюлган мазмундук жана көркөм талаптарга толук жооп берген чыгарма табылган жок деген бүтүмгө келди.

 Мындан улам, сынакты кайрадан жарыялоо жана Жобого бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун киргизүү чечими кабыл алынды.

 Комиссиянын сунушу боюнча: 

1. Биринчи этапта Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнине жаңы редакциядагы текст тандалып алынат.

2. Экинчи этапта бекитилгентекстке музыкалык чыгарманы жаратуу боюнча сынак жарыяланат.

 Буга чейинки сынакка катышкан авторлор бул жолку сынакка дагы катыша алышат, бирок жаңы долбоор менен.

 «Комиссия Мамлекеттик гимндин долбоору өзгөчө кылдат мамилени жана ар тараптуу кароону талап кылган улуттук биримдиктин символу экенин белгилеп, кийинки сынакта кыргыз элинин тарыхый эс тутумун, маданий мурасын жана өнүгүүгө болгон умтулуусун жанаулуттук биримдикти чагылдырган долбоорлорду камтышы керектигин билдирди»,-деп айтылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>