Мамлекеттик мүлктү ижарага алгандар акы төлөөдөн бошотулат

Мамлекеттик мүлктү ижарага алгандар акы төлөөдөн бошотулат

Мамлекеттик мүлктөрдү ижарага алгандар акы төлөөдөн бошотулат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Жылдызбек Исакулов билдирди.

«Өкмөткө мамлекеттик мүлктүн ижарага акысынан бошотуу боюнча көптөгөн кайрылуулар келип түштү. Буга байланыштуу Өкмөт тарабынан ылайык чечим кабыл алынды. Ошондой эле кийинки бир айдын ичинде ишин жандандыруу үчүн ижара акысы төлөнбөйт», — деди Жылдызбек Исакулов.

Ошондой эле ал иштебей турган мезгилде баланс кармоочу менен ижарага алуучунун ортосунда акт түзүлүп, ижара акысы алынбай турганын да билдирди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>