«Манас» аэропорту январдын аягына чейин каттамдардын кечигүү маселесин чечүүгө убада берди
«Манас» эл аралык аэропортунда коюу тумандан улам каттамдардын жапырт кармалышы жана жылдырылышы менен болгон маселе жакынкы айда чечилет. Бул тууралуу Reporter.kg’ге «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.
Акыркы күндөрү өлкөнүн башкы аба майданы татаал аба ырайы шарттарында иштеп жатат. Көрүү мүмкүнчүлүгүнүн начардыгынан улам учактар Бишкекке коно албай, резервдик аэродромдорго кетүүгө аргасыз болууда. Жүргүнчүлөр каттамдардын Ысык-Көл жана Ош аэропортторуна багытталышына туш болушууда.
Басма сөз кызматы билдиргендей, аэропорт масштабдуу модернизациялоону аяктоодо. Анын жүрүшүндө жарык берүүчү сигналдык жабдуунун категориясы биринчиден үчүнчүгө чейин жогорулатылат. Бул учактарга дээрлик нөлдүк көрүү шартында да конууга мүмкүнчүлүк берет.
«Биз учуу-конуу тилкесин жаңылоону аяктап, жаңы жабдууларды орнотуп жатабыз. Иштин басымдуу бөлүгү аткарылды, азыр башкаруу пультуна туташтыруу жүрүп жатат, аны менен катарлаш кызматкерлерди окутуудабыз», — деп билдиришти компаниядан.
Жаңы системаны ишке киргизүү 2026-жылдын январь айынын аягына пландалган.