«Манас» эл аралык аэропортунун аэробекет имараты кеңейтилип жатканына байланыштуу негизги кире бериш убактылуу жабылды.
Аэропорттун маалыматына ылайык, эми жүргүнчүлөр аэробекетке ички каттамдар залы аркылуу гана кире алышат. Бул кире бериш имараттын оң тарабында, жаңы унаа токтотуучу жайдын каршы бетинде жайгашкан.
Жакынкы күндөрү жүргүнчүлөр үчүн биринчи кабаттан кошумча эшик ачылат.
“Аэропорттун жетекчилиги убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, жүргүнчүлөрдөн алдын ала эске алууну өтүнөт”,-деп айтылат билдирүүдө.