«Манас» аэропортундагы коррупциялык схемага айыпталып Мурат Примбердиев кармалды

«Манас» аэропортундагы коррупциялык схемага айыпталып Мурат Примбердиев кармалды

«Манас» эл аралык аэропортундагы коррупциялык схемага байланыштуу кылмыш иши боюнча айыпталуучулардын бири кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Башкы прокуратура Кыргызстандын Транспорт прокуратурасы менен биргеликте «Манас Менеджмент Компани» ЖАКтын жооптуу адамдары тарабынан чет элдик компанияга эл аралык авиакаттамдарда жүк ташуу үчүн жеңилдиктерди берүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы аныкташкандыгы маалымдалган.

Жогорудагы иштин алкагында 2021-жылдын 17-февралында 319-берененин 1-бөлүгүндө каралган кылмышка шектелип. (коррупция), «Манас» эл аралык аэропорту «ААК башкармалыгынын мурунку төрагасы Мурат Примбердиев кармалып, ИИМдин Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

  • Бул кылмыш иши боюнча «Манас» аэропортунун дирекциясынын мурунку башчысы Нурсултан Белеков жана «Манас» эл аралык аэропорту «ААК башкармалыгынын мурунку төрагасы Эмир Чукуев камакка алынган.
  • Бул адамдар чет элдик Gata Airlines авиакомпаниясына эл аралык каттамдарда жана жүк ташууда жеңилдиктерди бергендиги маалымдалды. Компания тарабынан берилген мыйзамсыз жөлөкпулдардын натыйжасында 2016-жылдын 1-июнунан 2020-жылдын 1-ноябрына чейин мамлекетке 12 миллион доллар же 893 миллион сом зыян келтирилген.Кылмыш иши Бишкектин мурунку мэри Албек Ибраимовго каратада козголгон, ал учурда кайда экени белгисиз.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>