Маркум прокурордун үй-бүлөсүнө төлөнчү кенемте азайтылды

Маркум прокурордун үй-бүлөсүнө төлөнчү кенемте азайтылды

Жогорку Кеңештин 29-июндагы жыйынында иш учурунда каза болгон прокуратура кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө кенемте төлөө боюнча мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда каралып, жактырылды.

“Прокуратура жөнүндөгү” конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору президент тарабынан демилгеленген.

Мыйзам долбоорун өзгөртүүнүн максаты өлкөнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүн оптималдаштырууга жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери милдеттерин аткарып жатканда курман болгон же майыптык алган учурда алардын үй-бүлөлөрүнө бир жолку жөлөкпулду төлөөдө тең өлчөмдүүлүккө жетүүнү камсыз кылууга багытталган.

Атап айтканда прокуратура органдарынын кызматкерлери курман болгон учурда алардын үй-бүлөсүнө анын акыркы кызмат орду боюнча 20 орточо айлык эмгек акысынын өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөө сунушталат. Ал эми азыркы мыйзамга ылайык, курман болгондун үй-бүлөсүнө анын акыркы кызмат орду боюнча орточо жылдык эмгек акысынын эсебиндеги 20 жылдык эмгек акы өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнөт.

Буга чейин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитеттин жыйынында баяндама жасаган каржы министри Алмаз Бакетаевдин айтымында, сунушталган мыйзам долбооруна ылайык, кенемтенин өлчөмүн 20 жыл эмес, 20 ай деп өзгөртүү пландалууда. Өзгөртүүлөр кабыл алынса, маркум прокурордун үй-бүлөсүнө төлөнө турган кенемте 1,5 млн сомду түзөт.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбооруна 68 депутат макул деп добуш берип, мыйзам долбоор колдоо тапты.

Эскерте кетсек, буга чейин, былтыр жол кырсыгында каза болгон Чаткал районунун прокурору Бакирдин Жанузаковдун үй-бүлөсүнө 21 млн 699 миң сом кенемте төлөнөрү белгилүү болгон. Мындай норма «Прокуратура жөнүндө» мыйзамда каралганы айтылган.

Мыйзамга ылайык, прокурор кызмат учурунда каза болгондо, анын үй-бүлөсүнө 20 жылдык айлык акысы өлчөмүндө бир жолу кенемте төлөнөт. Бул маселе коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Ага байланыштуу президент аталган норманы кайра карап чыгуу керектигин билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>