Reporter.kg’де «АВТОМАЕК» берүүсү старт алды. Берүү унаанын ичинде тартылат. Аталган берүүдө келген конок кийинки өзү каалаган адамга ЭСТАФЕТА узатып, өз суроосун калтырат. Ошондой эле берүүнүн алкагында редакция тарабынан саясий, социалдык, үй-бүлөөсү тууралуу суроолор берилет.
Алкачкы конок Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев болду.
Эл өкүлү биринчи сүйүүсү, үй-бүлөсү, ата-энесинен алган тарбиясы, жаңы түптөгөн партиясы жана социалдык, саясий суроолор боюнча кеп кылды.